үлгү

китептерде 5 жолу, 5 китепте
  1. Тигилип же жасалып чыгарыла турган нерсенин, буюмдун калыбы.
  2. Өрнөк, таалим, нуска.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…анга, / Өрт-жалындай чамынып, / Токсон алты миң колго, / Хан Каракөз баштаган, / Тайтана, Наса зорлорго, / Дайарланды эр Асыл, / Андестиги Асылдын, / Сыргактан үлгү алгандай, / Жолборс жүрөк, таш билек, / Түрү Алмамбет сардалдай, / Ач кыйкырык, куу сүрөөн, / Акбалта хандын Чубактай, / Он бештеги чунагың, / Опол тоодой зоңк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Акылы көп, үлгү көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Матырып тырмак так салмак, / Баш кошуп баары биригип, / Баашадан алат алтын так, / Эл башкарып журт багыш, / Кабылан Манас тукуму, / Ушулардан үлгү алсак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Атасы Кошой олуйа, / Казатта жүрүп куш салган, / Кобурлуу көнгөн киши эле, / Атадан алып көп үлгү, / Канаттуунун Жалгызек, / Таанып билген иш эле, / Карап көрсө Жалгызек, / Он эки сыны бар экен, / Эки жаккы мүрүдө, / Эшилген ак кыл салаңдап, / Эки канат чал… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кайратыңа калкың кош, / Манастан үлгү алган жаш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →