үкү

китептерде 21 жолу, 5 китепте
  1. Күндүз жакшы көрбөгөн, ууга көбүнчө күүгүмдө же түнкүсүн чыгуучу жырткыч канаттуу.
  2. Ушул канаттуунун кооздук үчүн колдонулуп, көбүнчө кыздардын баш кийимине же чабыла турган күлүк жылкынын көкүлүнө тагылуучу канаты же жүнү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ычуусун кандырып, / Жаштардын жеши бир мезгил, / Куйрукка буудай чөгөрүп, / Семизинен баса албай, / Кишинин баары көгөрүп, / Боз улан кемер курчанып, / Кыздары үкү сайынып, / Тогуз-ондо кыз балдар, / Кыркалап шуру тагынып, / Буластай басып келиндер, / Чач теңге, чачпак салынып, / Жең кабы менен өңүрүн, / Саймалашып тагыны… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бүркүт менен үкүнүн, / Таз кара менен жорунун, / Такыр этин жебесе, / Кашкулак, койдун терисин, / Дегеле киши билбесе, / Жапа кундуз, ит тери, / Жанына киши барбаса, / Кыркып койд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айуу, жору, кажырдын, / Бүркүт, үкү барынын, / Камдап жүрчү Каныкей, / Керек болчу баарысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кызды кармап кетем, деп, / Үкүдөй көзүн кызартты, / Мына шунтип Сейити, / Азды көпкө айлантты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тоодой болгон Кыйазың, / Көк букадай өкүрүп, / Таба албай аны өкүнүп, / Үкүдөй көзү акыйып, / Жез кемпирдин жети уулун, / алыке менен Сатыке, / Кутубай – онун чакырып, / Калган элди тара! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →