үксөй
- Жүндөрү, чачы-башы үрпөйүп туруу, саксаюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өңү кара көмүрдөй, / Тиши аппак седептей, / Эрди калың төрт эли, / Желкеси агып ириңдеп, / Чачы тармал үксөйүп, / Жаалысы катуу түктөйүп, / Оозун ачып эстенип, / Азуулары шакылдап, / Башына кийген туулга, / Калгандай кара темирден, / Кара бойу кем эмес, / Кар тоонун сеңирден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…дөн жалын шыркырап, / Темирден чыккан ширөөдөй, / Жылт-жылт этип чыркырап, / Зыркаар жүрүп эпкиндеп, / Шамал чыгып дыркырап, / Төбө чачтар үрпөйүп, / Сакалдары үксөйүп, / Муруттары бириндеп, / Этектери дирилдеп, / Зым-зым этип зымылдап, / Салтанаттуу Кененим, / Ак мейкин зоодой зымырап, / Жер бетинде айбандар, / Курт-кумурска…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бүтүлүү тоо болсо да, / Көмө чаап чыгайын, / Алып келип өзүңө, / Көрсөтүп туруп көзүңө, / Жутуп аны тынайын!- / Үксөйдү башта чыккан чач, / Арта салып ийинге, / Үйдөй болгон чойун баш, / Ачуусу келип козголуп, / Чаба турган окшонуп, / Макил дөө турду ошондо, / Чакчырылып октолуп, / Хан Коңур турду калкайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сулаймат угуп бул сөздү, / Ачуусу келип үксөйүп, / Тапмак болду түгөнгүр, / Түйшүктүү кыйла жумушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Канаттуу менен сүйлөшүп, / Кобурашып жатканда, / Эне-атасы уйага, / Келип калды күүлөшүп, / Балапанын жоктошуп, / Үксөйүшүп окшошуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →