үйөр

китептерде 14 жолу, 7 китепте
  1. Жазга маал суу үстүнөн калкып аккан муздар, муз агымы.
  2. Жазында кар эрип, мөңгү бузулуп көбөйгөн суу агымы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…й кыжырап, / Кумурскадай быжырап, / Сепсергелеп асмандан, / Жааган күндөй жыбырап, / Таласты кайда дегенсип, / Эми эле барып Таласты, / Талап алыш дем менен, / Үйөр аккан сел менен, / Үй токтоткус жел менен, / Үркөрдөй жылып жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ге келет карарып, / Катышпайбыз сага, деп, / Анан кетип калалы, / Коркуттум деп баарысын, / Бачагар жатып калганда, / Алдындакы кеңешти, / Унутушпай жыйылып, / Үйөр селдей жылышып, / Анан жетип баралы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…кылып жамынган, / Басма мурун кызалак, / Туулган андан бала Үрбү, / Көкөтөйдүн ордуна, / Казактарга хан Үрбү, / Үрбүгө кабар салабыз, / Үрбүнүн колун алабыз, / Үйөр аккан суу болуп, / Анан Бейжин барабыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Казап шамал сокпогон, / Үйөр аккан сел болсо, / Камаарап эли койбогон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Үйөр аккан сел келсе, / Үй токтоткус жел келсе, / Азуусун айга бүлөгөн, / Алачыктай эр келсе, / Кетеби деп көзгө илбейт, / Мен жетимди тебелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →