үйрөт
- Бир нерсени билүүгө, өздөштүрүүгө машыктыруу, көнүктүрүү, окутуу, үйрөнгөн, билген деңгээлге жеткирүү.
- Унаа катарында пайдаланууга, минүүгө көндүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жалаңгыч сарык Кененим, / Токсон күн тамам болгунча, / Үч ай жүзү толгунча, / Асылча менен Бекбача, / Бактыбай бар жанында, / Отуз эки ат машын, / Саны толук кырк экен, / Эр жигиттин жөө машы, / Бир кишиге аз деди, / Жетимиш эки өнөрдү, / Ошонун баарын үйрөтүп, / Оорагын мунун көтөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ормолоку кеп айтып, / Үйрөтүп калган экенсиң, / Кой Кененим, саалтып, / Кечиктирбе жолумду, / Алаксытып сөз менен, / Байлабагын колумду, / Баштан айак калтырбай, / Билип болдум ойуңду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…н калтырбай, / Сайып кирди жүдөтүп, / Жолборс көргөн маралдай, / Качып берди дүрбөшүп, / Кылчайып артын карабай, / Караганга жарабай, / Айбаты тайып жүдөшүп, / Үйрөткөн пилин жиберди, / Көрсөтүп эрен Сыргакты, / Тебелеп аны кел, дешип, / Тумшугунун учунда, / Коргошун, коло аралаш, / Орнотуп койгон чойун баш, / Томураңдап пил к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Самаркандын сыртында, / Алты жылдан бер жакка, / Атакеси Бакай хан, / Мингизип алып боз тайга, / Маш үйрөтүп жүрчү эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Досум, мага күүлөрүндү үйрөтүп койчу, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →