үйрөн

китептерде 27 жолу, 9 китепте
  1. Бир нерсени (мис, ишти, техниканы ж.б.) билүү, өздөштүрүү, ага машыгуу, көнүгүү.
  2. Үйүр болуу, көнүп калуу, таанышып, аралашып кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жер бетинде сыйкырдын, / Түптүйүнү ал эле, / Кыргызга айла жок экен, / Бузуп алса аны эле, / Он беш жыл сыйкыр үйрөндүм, / Жалгыз мен деп жүргөмүн, / Кыргыздын андай экенин, / Укпадым да, билбедим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ошол кезде Калемкаш, / Жыйырма бирде чагы экен, / Үйдө жүрүп билинбей, / Үйрөнүп көзгө калыптыр, / Өткөзө сулуу ал экен, / Жедигердин элинен, / Жеткирген кабар биздерге, / Жетик акыл Мадана, / Жыйырма беште чагы экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жеңдирип койсо Тапан хан, / Сейитти ээрчип салпактап, / Кыргызга көчүп барбайбыз, / Жеңип алса Тапан хан, / Үйрөнүшкөн ханыбыз, / Дегеле тана албайбыз, / Денебиз биздин көк эле, / Шоркөлдөгү элдерден, / Саныбыз биздин көп эле, / Канчык чакты бузук деп, / Буйрук кылат Тапан хан,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Уламадан укканды, / Учур бастан мен айтам, / Жашырбайын, жаппайын, / Жалганда болгон чынды айтам, / Акыл жетпей баш ооруйт, / Баштан айак чырды айтам, / Жалгандан жамап жазбайын, / Үйрөнүп алган ырды айтам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Бала шакекти тилинин алдына салып, дубаны үйрөнүп, короз менен мышыгын көтөрүп, күчүгүн ээрчитип жөнөйт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →