үймөк
- Кандайдыр бир нерсенин үйүлгөн, үстү-үстүнө чогултуп жыйып койгон тобу, жыйындысы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Жанымжан үймөккө чыгып, Элебес жерден алып берип турган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Үймөк карагайдын арасында экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →