үйлөн
- Турмуш куруу, аял алуу, үй-бүлө куруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Күндөрдүн биринде кан бир сулуу аялга үйлөнөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Ата-энеси баласынын келгенине кубанып, алып келген кызына үйлөндүрүп, элиндеги жаш, карынын бардыгын чакырышып, отуз күн оюн, кырк күн той өткөрөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Эл: "Чынында байдын кызы балага ылайык экен" дешип, баланы үйлөндүрүп-жайландырып коюшат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →