үйлүү
- Үйү бар.
- Үйлөнгөн, үй-бүлөлүү, үй-бүлөсү бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жүз үйлүүчө кыргызды, / Талап алып кетиптир, / Эгин эгип, жер айдап, / Элге жаккан жанайга, / Ушул кабар жетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Мал-мүлкүн бүтүн алыптыр, / Өздөрүн таштап талаага, / Мүшкүл күндү салыптыр, / Үчкаркыра, Сарарка, / Эки Кемин буларга, / Жөөлөп чубап барыптыр, / Иледеги миң үйлүү, / Ушинтип тентип калыптыр,- / Ушул кабар укканда, / Кыжыр толду Манаска, / Кепти угуп күүлөнүп, / Бузулуп өңү түрлөнүп, / Манас турду күркүрөп, / Жан алчудай …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Панаалап жүргөн кыргызда, / Кырк үйлүү Калча бар элең, / Эми кантээр экенбиз, / Кыйыктаса Жалгызек?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Семетей калды кырк үйлүү, / Салынган коргон алкымда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Үчөөбүз жыйып келген нанды бир үйлүү киши чай менен ичип, өзөк жалгап алдык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →