үзүк2
- Кандайдыр бир нерсенин үзүлгөн, үзүлүп калган бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алты боосу үзүктүн, / Аруулап соккон термеден, / Жазылыгы төш жары, / Тегиричи дейилда, / Кермеден кетпей жергелеп, / Ат котолоп айылда, / Тегеректеп желеге, / Жылкы жуушап калганда, / Туйактанып баса албай, / Жөө киши барбай айылга, / Жойлоп барган ит тийбей, / Төгүп салган майына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…иң он алтын, / Араң жүргөн адаммын, / Ашыгып кайдан табармын, / Таштап берип колуна, / Ажыкең түштү жолуна, / Арпа менен зырылдап, / Айнектей түздө дырылдап, / Үзүктүн белин ашыптыр, / Көрпөтоолоп басыптыр, / Чатыркөлдү кылаалап, / Кең Аксайды аралап, / Көбүргөндүн Корумташ, / Келинтайгак бел ашып, / Таракай менен айланып, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үзүк менен туурдугун, / Ичмек кылып алгыла, / Бооз катын туш болсо, / Боорунан тилип жаргыла, / Жатындагы баласын, / Такыр сууруп салгыла, / Кемпир менен чалдарын, / Ойноп жүргөн балдарын, / Жүндөй сабап ургула!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бүркүттөрү үзүктөй, / Чычкандары күчүктөй, / Жекендери челектей, / Балтырганы билектей, / Маралдарын карасаң, / Мала кашка инектей, / Ор койону улактай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жел бардык күчүн жыйнап келип урганда, жаман үзүк делпилдеп, үйдүн жыгачтары кычырагандай болот, ирегеде чийдин бир жыртыгынан эрегишкендей борошо кирип, айдап алган карды коломтого чейин буркуратып таштап турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →