үз

китептерде 266 жолу, 10 китепте
  1. Кандайдыр бир бүтүндү үзүккө, бөлүккө ажыратуу; илинип, өз ара биригип, туташып турган нерсени бөлүп алуу, жулуу.
  2. Тытуу, быт-чыт кылуу, талкалоо.
  3. Кандайдыр бир ишти, аракетти токтотуп коюу, тынчып калуу, басылып калуу.
  4. Кутулуу, жоюу, жок кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Канчалап найза урулуп, / Найзанын учу түйрүлүп, / Балтанын сырты жарылып, / Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, / Жан алчу уруш башталып, / Күүгүм кирди күн батып, / Эл-элине кетишт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бетин ачып шыкаалап, / Баласын байкап караса, / Жан үзүп койгон немедей / Эти муздап кетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
тебишип, / Этектен орой кармашып, / Барлык күчүн арнашып, / Ээр кашына орошуп, / Алалбай аттан түшүрүп, / Алаканга түкүрүп, / Жакаларын жыртышып, / Кемерлерин үзүшүп, / Ат үстүндө сүзүшүп, / Мурундун каны тамчылап, / Кеңкула менен Тармалкөк, / Ат айабай камчылап, / Ажырата тарталбай, / Жанга өлчөлүү тулпарлар, / Кулактарын … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Макул деп алды Алооке, / Алооке берген арбын мал, / Мага болду береке, / Алооке бербей турбады, / Кара тайдын колкосу, / Үзүлбөй эки ай чубады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Көп мезгилден кийин аркан чирип үзүлөт, бугу болсо качып кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →