эң2
- Ат үстүнөн эңкейип жерде жаткан нерсени илип алуу, илип кетүү, учуп баратып илип кетүү (алгыр куштарга карата).
- Эңиште бири-бирин аттан оодаруу, аттан түшүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өзүбектин эр Мурат, / Ошондо бир аз шек турат; / Алтай, Иле, Шерматкан, / Лопнурдагы хан Матан, / Азыр болгон ар кимиң, / Калың топто капташсаң, / Ошол экөө эң жаман.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Жарамдын жайы эң жаман, / Болду үйгө кайтканы, — деп, / Кайран шерди Каныкей, / Алып кетти жетелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Торсолдойду хан Бакай, / Кармап колдон жетелеп, / Каныкей келет эңчеңдеп, / Гүлүстөн келет жанашып, / Көргөндүн баары карашып, / Кызыл тилдүү Керменбай, / Сетертай менен Каргалдай, / Сетертайдын багы деп, / Айтып жаткан дагы бар, / Торсолдойду кара, деп, / Суктанганы дагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эң болбогондо суу ташып, короосун тазалачумун.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эң кенжеси болучумун.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →