эң1

китептерде 219 жолу, 10 китепте эң 2 →
  1. Күчөтүү, күчөтө сүйлөө үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өзүбектин эр Мурат, / Ошондо бир аз шек турат; / Алтай, Иле, Шерматкан, / Лопнурдагы хан Матан, / Азыр болгон ар кимиң, / Калың топто капташсаң, / Ошол экөө эң жаман. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Жарамдын жайы эң жаман, / Болду үйгө кайтканы, — деп, / Кайран шерди Каныкей, / Алып кетти жетелеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Торсолдойду хан Бакай, / Кармап колдон жетелеп, / Каныкей келет эңчеңдеп, / Гүлүстөн келет жанашып, / Көргөндүн баары карашып, / Кызыл тилдүү Керменбай, / Сетертай менен Каргалдай, / Сетертайдын багы деп, / Айтып жаткан дагы бар, / Торсолдойду кара, деп, / Суктанганы дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эң болбогондо суу ташып, короосун тазалачумун. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эң кенжеси болучумун. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →