эңкей

китептерде 128 жолу, 10 китепте
  1. Жерди карай ийилүү өбөктөө.
  2. Бийик жерден, жайлоодон ж.б. төмөндөп көчүү, ылдыйлоо, бийик жерден ашып өтүү, ары түшүү.
  3. өт. Көз жумуу, каза болуу.
  4. өт. Белгилүү бир жаштан, маалдан, чектен өтүү, арылоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ак киши болуп кыргызга, / Бекбачаны баш кылып, / Баш көтөргөн кыргызга, / Бир амалды кылмакчы, / Эбин тапса эңкейтип, / Баарынын жайын тапмакчы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Торгойдун муңдуу үнүнө, / Муңканып айткан күүсүнө, / Кубулуп турган түсүнө, / Муз туруштук кылалбай, / Мөңгүлөр агып, кар эрип, / Эңкейип талдар бүгүлдү, / Өөдөлөп өспөй бой керип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айланып артка болгончо, / Аттарын сабап чойгунча, / Капташа түшкөн бирөөнү, / Как далыга муштады, / Сыргак сайган оңобу, / Эңкейсе өйдө болобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чокмор тийип дүп этип, / Эңкейе түшүп шылк этип, / Ээрдин тиштеп алайын, / Койго тийчү бөрүдөй, / Эки жагын каранып, / Уйдай мурдун жаланып, / Кара дөөгө Кутургур, / Жаман тийди жан ачып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эл жайнап, дөңгө чыгып барат, биз эңкейип, жолдун ташын терген болуп элден улам кийиндеп, калып отурдук. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →