ээн

китептерде 138 жолу, 10 китепте
  1. Эл жашабаган, эч ким жок, киши ээлебеген.
  2. Эркинче, бош, кароосуз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…куп балдар боздосо, / Эркин басып бээ саабай, / Керилген келин, боз улан, / Жер кемерде жок болсо, / Менин баатырлыгым бекер!”–деп, / Жылдырып тууну көтөрүп, / Ээн жайлоонун айагы, / Ак шорго түшүп кетем, деп, / Баатырың элдин камын жеп, / Болгун аман баарың, деп, / Бастырмак болгон кезинде, / Медеркан келди күпүлдөп: / —… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ханы жок кара букара, / Камалда калган колго окшош, / Эри жок ээн калган журт, / Эс жыйа элек бала окшош. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эрте туруп ордунан, / Ээн жерде сууга киринди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Катты окуучу молдосун, / Жанындагы жолдошун, / Ээрчитип чыгып ээнге, / Бекинип барып олтуруп, / Улам-улам окутуп, / Абдан катка канганда, / Канчоро кебин укканда, / Кат жаздырып молдого, / Кат алпарган жансызды, / Кайта салды тез жолго. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Көпкөн немелер баланы көтөрүп алышып ээн талаа, эрме чөлгө ташташат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →