ээлик

китептерде 36 жолу, 9 китепте
  1. Самаган, тилеген максатыма жетсем деп, токтоно албай күүлөнүү, чыдамсыздануу, ээленүү.
  2. Кызуу, токтоо бербөө, оозун тарттырбоо (жылкыга карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…рде Йобалы, / Козубекти тумактай, / Томолотту атынан, / Ак ала сакал кары деп, / Өлтүрөт экен аны деп, / Топчу кулак кер атчан, / Ыргып минди Бактыбай, / Тууга ээлик болгун деп, / Алабекке карматты, / Кол башкарып тургун деп, / Малабекке айтканы: / — Койон жүрөк коркоктор, / Корс кыйалдуу чоркоктор, / Башаламан чуу болсо, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бүткүл элге таанымал, / Багыш деген ээ экен, / Багыш ээлик кылганда, / Манас менен тең экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Карыган Жоодар чалына, / Сур атты ага карматты, / — Ага Жоодар, кулак сал, / Унутуп калбай кебимди ал, / Башка хандан көбүрөөк, / Саа караштуу жерлериң, / Баарысынан кабар ал, / Жеркен, Котен, Лопнур бар, / Азык, Арал, Кум дайра, / Ээлик кылгын буларга, / Улуктарын үч жылда, / Бирден оодар тил алсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Казактардын хан Үрбү, / Кайраты толук жан Үрбү, / Тили таттуу бал Үрбү, / Эрте туруп ээлигип, / Эриккен куштай жээлигип, / Саардан туруп шаңданып, / Колуна дүрбү карманып, / Кашатка чыгып калдайып, / Турнабайын алыптыр, / Тушка–тушка көзүн салыптыр, / Кең-кеминде келе аткан, / Ажыңды көрө калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ээлигип алган ойноок козулар ошондон үркүп отуруп кой короого барып бир эле токтоду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →