ээк

китептерде 52 жолу, 7 китепте
  1. Жаактын асты жагындагы тегерек тарткан урчуктуу бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өтө андес Чакмакташ, / Андай эчен чапканды, / Жаздырып көнгөн чаптырбас, / Алдындагы тулпарды, / Болушунча камчылап, / Тоодой болгон Сазандын, / Ээк алдына өттү эле, / Ташка тийип найзасы, / Сан барча болуп кетти эле, / Пил экен минген аты деп, / Алдынкы ээрдин кашы деп, / Табарсыктын башы деп, / Найза менен муштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…үнүң, / Испанды кууп жетели, / Кыргызга тийбей жүрүшкө, / Ачакандын тилинен, / Тилкат алып кетели, / Коржоңдосо тил албай, / Кулжуңдаша кетели, / Оттогон койон ээктенип, / Мулжуңдаша кетели, / Батышпаган уруудай, / Жулжуңдаша кетели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
- / Күпүлдөгөн Чынаача, / Минген аты бир башка, / Сопол куйрук, жыртак көз, / Кызыл ээк, тайкы жал, / Алдында минген бууданы, / Ак чаар экен ыраңы, / Ал качырдан жалгашкан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Нары кетип толгонуп, / Бери кетип мулжуйуп, / Сакал-мурут такыр жок, / Кемпир ээк мултуйуп, / Тайак жеген катындай, / Далайгача Тапан хан, / Унчукпай калды тултуйуп, / Аңгычакты желмогуз, / Басып келди кумтунуп, / Кер сары тартып сумсайып, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кайраты артык Карадөө, / Чукул кирип келгенде, / Кең көкүрөк, кууш айак, / Жалайак ооз кир кабак, / Чолок ээк, дөң маңдай, / Каржиликтен булчуңу, / Жүгүрүп жүргөн баладай, / Мойну жоон букуйуп, / Кысыр эмди танадай, / Жамынган темир тону жок, / Жалтанып калаар пейли жо… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →