эш3

китептерде 61 жолу, 8 китепте эш 1 →эш 2 →
  1. Уратуу, шилеп куюлтуу, бир жагын көздөй шилеп таштоо (мис., кумду, топуракты, карды ж.б.).
  2. Жарып таштоо, жара тартуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…аш, / Элдин көөнү ооруур деп, / Өңөрүп алып жөнөдү, / Майтору кайдан жооруур», — деп, / Лопнурдун бойу Акшордо, / Турган экен Кетиркей, / Эли менен Дүркүрөп, / Эштектин эли бүт калбай, / Чакмакташты көргөндө, / Баарысы кетти чуркурап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эшкен чеге жип болсо, / Алып келгин алдыма, / Жамбашыман катуурак, / Өткөндө жакшы уктаймын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жашырып койсоң чабабыз, / Жайыңды, кемпир, табабыз, / Жамгырчы менен Шыгайдын, / Эшилтип кардын жарабыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
көнгөн киши эле, / Атадан алып көп үлгү, / Канаттуунун Жалгызек, / Таанып билген иш эле, / Карап көрсө Жалгызек, / Он эки сыны бар экен, / Эки жаккы мүрүдө, / Эшилген ак кыл салаңдап, / Эки канат чалгыны, / Качырдан бетер ак экен, / Сегиз колдо барабар, / Жетиден көңөө так экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эшпайды — Эшан, Беккулду — Беки, мени — Мукан, Ашымканды — Ашы деп чакыруучу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →