эшик

китептерде 481 жолу, 10 китепте
  1. Үйдүн, короонун ж.б. кирүү, чыгуу үчүн ачык калтырылган жери жана анын каалгасы.
  2. Үйдүн сырты, айлана-тегереги.
  3. өт. Жол, мүмкүндүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эшиктен кирип акырын, / Колунан алып жетелеп: / “Жараган экен кызга, — деп, / Жараса эрге болду” – деп, / Жакасын кармап бекемдеп, / Көлдөлөң салып төрүнө, / Ак тубардан көшөгө, / Киргизип кызды ичине, / Ачтырып эшик Көкөйүн, / Баатырды үйгө киргизди, / Конокко берчүү шекер-бал, / Бар керегин бергизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Төрт айагы кула аттын, / Топону көккө сапырып, / Жал-куйругу жайылып, / Катап келген көпчүлүк, / Калбай баары жабылып, / Жанаша албай кула атка, / Шамал артта калыптыр, / Ачып көздү жумганча, / Коросондон коргонго, / Кененим жетип барыптыр, / Дарбазасы сом темир, / Коргону бийик бир сеңир, / Эшик эндүү ай балта. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Этегим жаап ката элек, / Серек, Сыргак жаш балдар, / Эшикке чыгып сийе элек, / Арнап миниш ат тургай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Абаң Бакай, Каныкей, / Шер Гүлүстөн,Айчүрөк, / Торсолдой менен Кутубай, / Сетертай менен Каргалдай, / Оболбекти эшиктен, / Чакыртып келди Керменбай, / Сейитектин үстүнө, / Барып кирди булар жай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Тамактан кийин тышка чыгып баратсам, Василий эшиктин алдынан колумдан кармап, токтотуп алды да, уйларды кайда кайтарууну түшүндүрдү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →