эчкир

китептерде 18 жолу, 5 китепте
  1. Үн чыгара катуу ыйлоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эрдин колу шал болуп, / Айласы кетип кыргыздар, / Амалын таппай дал болуп, / Карылар ыйлап каркылдап, / Кыздар ыйлап солкулдап, / Катындар ыйлап эчкирип, / Арбагың менен колдо, деп, / Айкөл шерге жалынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Элине барып Кесилет, / Өпкөлөп ыйлап эчкирет: / — Баары баатыр, баары шер, / Балбаны сайат канчаны, / Кыргыздын элин ким билет, / Балдары сайат найзаны, / Балбаны сайат канчаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эр Алмамбет баатырың, / Шашкелик жолго бурулуп, / Жаңгактуу жерге урунуп, / Жер ортосу туу белде, / Ат откозуп бир жерге, / Кайгысы кумдай эшилип, / Кайрылып көзү тешилип, / Барганча чөгүп тереңге, / Улутунуп эчкирип, / Самандай өңү кубарып, / Сакалдан ылдый жаш агып, / Олтурган кези муңайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чокмордун күүсү күркүрөп, / Үн чыгып жерден дүңгүрөп, / Тапактын эли жагынан, / Айгай чыкты дүркүрөп, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жерге кирди сүлкүлдөп, / Чойтолоң менен Тазкара, / Эстери чыгып бүлкүлдөп, / Ыйлап турат Конушбай, / Эчкирчүдөй бүкүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Олутун бастың титинбей, / Ордуна жаттың эчкирбей, / Кай жоругуң каапыр ит, / Айдай болгон Чүрөктү, / Кыйазга олжо беришиң?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →