эчки
- Кылчык узун жүндүү, мүйүздүү майда жандык (үй айбаны жана жапайы айбан).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…жолуңду, / Бош койомун колуңду, / Артыңдан кууп барбаймын, / Арданыпсың калмакка, / Кектеп сени калбаймын, / Ага болбой кармашсаң, / Айанып сенден калбаймын, / Эчки жайган адырдай, / Жазгы чыккан таанадай, / Түбүң менен жалмаймын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эчкиликтин эки чат, / Эңиш тартып суу агат, / Арзанча адам байкабас, / Алды жагы кош кашат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арка алган, кулжа алган, / Эчки алган, теке алган, / Элик, куран, жээрендин, / Качан бирин куткарган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Биз ушинтип отурган кезде короодон бир эчки бакырып калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жайыттан эрменди сыдырып жеген, тоо тулаңын кыдырып жеген бир эчкиге жолугат, ага:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →