этек
- Кийимдин, үзүктүн ж.б. нерселердин төмөн жагы, аяккы бөлүгү.
- Тоонун, адырдын, бөксөнүн ж.б. эңкейиштеп, жантайып бүткөн жери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайраты артык Кененим, / Бул дагы алды жакадан, / Жакалашып тартышып, / Тамандашып тебишип, / Этектен орой кармашып, / Барлык күчүн арнашып, / Ээр кашына орошуп, / Алалбай аттан түшүрүп, / Алаканга түкүрүп, / Жакаларын жыртышып, / Кемерлерин үзүшүп, / Ат үстүнд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Этегим жаап ката элек, / Серек, Сыргак жаш балдар, / Эшикке чыгып сийе элек, / Арнап миниш ат тургай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайыпчынын тоосу деп, / Үстү арсак аппак тоо, / Этеги кырка кызыл зоо, / Салаңдап келген тумшукта, / Туташкан түздө урчукта, / Керкилеп кертип чапкандай, / Жиптен керип тарткандай, / Зымылдаган зоо эле, / Зоону түптөп келатып, / Жоголуп кетти бир демде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жандап өтө берерде, / Этегинен кармарда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Абышка менен кемпир балага куран окуп, көл жээгине кой алып барып союп, кемпир тезек терип жүрсө, кызынын тонунун этеги чыгып жатат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →