эстүү

китептерде 42 жолу, 9 китепте
  1. Акыл-эси бар, акылдуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Асыл минген Майтору, / Айбандан эстүү жаныбар / Асылга найза жеткенде, / Октос берип ыргыштап, / Өксүтө берип кеткенде, / Суурулуп найза калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эстүүлөрү калмактын, / Түшүп жатып арага, / Мурун өлгөн Чиктей хан, / Бул барса болот туура, деп, / Уруксат кылды Сактага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Керээзиң укпай калбасын, / Катын менен балаңа, / Эстүү-баштуу кишиңе, / Баш катырчу ишиңе. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эстүүлөр калбай жоголду, / Эл жыйылып, чогулду, / Ортого алып баатырды, / Тегеректеп олтурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Чындап алгың келсе ал, журтуңдан сенден бөлөк эстүү-баштуу киши келсин. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →