эскир
- Эски болуу, эскилиги жетүү; керектен чыгуу, жыртылуу, тозулуу.
- Каруу, жашы улгаюу, карылыкка моюн сунуу, картаюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Нечен кылым өтсө да, / Эскирбей кеби бозорбой, / Эмгичекти эң жаңы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Башына кийгени өзүнүн теңирейген мурдуна ылайыкталып жасалгандай, кайкы тумшук кара шапке; бутунда саал эскириңкиреп калган жылтылдаган намеркан өтүк.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир топтон кийин бала эсин жыйып эки жагын караса, адамдын эскирген жана жаңы сөөктөрү жайнап жатканын көрөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →