эски

китептерде 25 жолу, 7 китепте
  1. Жаңы эмес, мурда колдонулуп, көөнөрүп калган, эскирип калган.
  2. Мурдакы, мурда өтүп кеткен, мурда болуп өткөн.
  3. Карыган, көп жашаган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аталык тузун актайым, деп, / Жетелеп жөнөп калганы, / Эски журутка конбойт деп, / Жүктү анда түшүртүп, / Үйдүн баарын тиктиртип, / Мадыбекти үйүнө, / Зулпукан менен киригизип, / Көөнүн ачты алардын, / Көкжалдыгын билгизип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…н уй, / Келгендерге талатып, / Катындан алты ылгатып, / Ар кайдан издеп таптырып, / Толук берип акысын, / Көтөртүп жүрүп бактырып, / Таманын жерге тийгизбей, / Эски кийим кийгизбей, / Эркелетип багыптыр, / Эр жеткизип алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
сайып, / Комдонуп жаткан бойунча, / Кобо албай жаткан чагы экен, / Семетейди сагынып, / Он эки жыл зарыгып, / Эмне үчүн келбейт, деп, / Жаткан экен тарынып, / Эски жүнүн түшүрбөй, / Каш кулак басып суур жебей, / Айбан да болсо жаны бар, / Жабырды тартып ченебей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Таманын жерге тийгизбей, / Эски кийим кийгизбей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Башариндики быйыл Жанымжандын кызматына тоюп, анын баласы — Жумабекке бир эски бешмант берген. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →