эскер
- Эсине алуу, эске салуу, унутпай эстеп жүрүү, унут калтырбоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Урпагына уу берген, / Чыныга куйса шуу деген, / Жакып хандай как башты, / Кандай адам эскерет?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бир миң киши, бир миң төө, / Өзүң баргын ошого, / Төлөк дайар тетиги, / Жамгыр, сага кошорго, / Килбото менен кырманы, / Түлөөкө билет бар жайды, / Эмгегин элдин эскерсе, / Дөө Кошой кошо барарбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Илгеркинин заманы, / Эскерип көрчү аларды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Оңу келсе иши пенденин, / Билбей калат турбайбы, / Оңдоп кудай бергенин, / Алардын сөзү ар укмуш, / Оңолсо арзан ар жумуш, / Оодарышып келатып, / Буйта өлгөн талаада, / Найзасына кез келди, / Мурун калмак эскербей, / Талаага таштап кеткенби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Кашып кетеди,— деп эскертип койгон.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →