эсир
- Көөп кетүү, менменсинип, обу жок болуп кетүү, жинденүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Йобалыны хан Калдык: / — Барбай койсоң коркту дейт, / Жекеге чыксаң азыр бол, / Жалгызектин Бактыбай, / Жандан тойгон эсир кул, / Алың келбей баратсаң, / Камчы булгап белги бер, / Беттеше барып баарыбыз, / Түгөтө кырып кетели, / Кыргыз деген журутту, / Түбү душман бурутту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элден чыккан эсир, деп, / Курт-кумурска жесин, деп, / Какшыган чөлдө калыптыр, / Канчоронун бейити.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элге жабыр салбаймын, / Эсирген акмак, сага окшоп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ү шам менен, / Жаабай жамгыр токтолот, / Эшикке чыкса айкөлүң, / Мыдыр эткен киши жок, / Кызыл түлөө кезинде, / Кыйын жааган жамгырда, / Аты менен иши жок, / — Эсирген иттер жатсын,- деп, / Карабөрктү кабылан, - / Куланы бери тарткын, — деп, / Аккелтесин асынып, / Сырнайзасын колго алып, / Ак олпок кийип ашыгып, / Айылдан чык…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кылсаң, кызмат биз үчүн, / Кылча мойнум сиз үчүн / Эсирген канкор төрөдөн, / Эми алам өчүмдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →