эсил

китептерде 3 жолу
  1. Кайран, чиркин, өткөн.
  2. Киши өлгөндө өкүнүч иретинде айтылуучу сөз.
  3. Ыйык, аялуу, таза.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Бейшемби «эсил кайран бир боорум» деп жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошондо Беккулду тыңшасам дагы эле «эсил кайран атакем» деп жүрөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →