эсен

китептерде 167 жолу, 9 китепте
  1. Аман, сак-саламат, соо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баарын көрүп алардын, / Абыдан көрүп аралап, / Азык менен аралды, / Кашкар менен жол жүрүп, / Ак калпак кыргыз эл көрүп, / Чеч төбө келип бел ашып, / Бактыбай менен көрүшүп, / Эсен-соосун билишип, / Таласка кетти Бекбача, / Карсылдашып күлүшүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Отор менен кытайдын, / Колдорун бөлүп айрыды, / Отордун элин тургузду, / Кытайдын элин чуурутту, / Санап санын алганы: / — Сатылып келген сенсиң, — деп, / Элиңе айта кеткин, — деп, / Эсен-аман жеткин, — деп, / Жакшы-жаман талаада, / Бир кишиге айтпа кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Суудан кечип чыкканда, / Өгүз өтмөк, тай өтмөк, / Өрдөшүнө барганда, / Колду эсепке алганда, / Хандар эсен, кол эсен, / Тазбайматтын бир киши, / Санатында кем экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ат жетээр жерде жан калбай, / Келип-кетип топтошуп, / Семетей менен көрүшүп, / Эсен-соосун билишип, / Кыргыздар жетти жыргалга, / Мурункуга окшошуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ушундай эрден айрылган, / Эсен хан менен Коңурбай, / Акылы жок кер экен! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →