эс
- Акыл, аң-сезим.
- Ойдо сактоо, унутпоо жөндөмдүүлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Эл башкарган ханыңа, / Эс акылдуу карыңа, / Эп келсе кебим баарыңа, / Кыргыздан алган олжолоп, / Эсебин тапкын мал канча?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Биз узакка кетпейли, / Эстейли жана эстейли, / Эл сүйгөн баатыр Манасты, / Эр жараткан алашты, / Олуйа Кошой карыны, / Кабылан Бакай баштаган, / Он төрт хандын барыны, / Кырк кашкага баш бол…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Айрыкча турат эсимде, / Кармагының буура, деп, / Чуркагының турба, деп, / Чакчаңдап камчы чапканың, / Өз ордума жаткырбай, / Ороого айдап таштадың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Береги биздин маңдайыбызда калың апийимде жүргөн үч дуңгандын бири, Бежинден чыкканы, кырк жылдан бери жаңы эсине түшүп тургандай кишинин жүрөгүн куйкалаган бир түрдүү муңдуу, каралуу, обон салып узакка созуп, ысык күндү калтыратып барып коё коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала кылычты туурасынан кармай берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →