эртең

китептерде 302 жолу, 10 китепте
  1. Өтүп жаткан күндүн соңку күнү, бүгүнкүнүн эртеси.
  2. Жакынкы келечекте, жакын арада, жакын күндө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атпай журт, сага айтаарым, / Кулак салып тыңшасаң, / Эртең күнгө шаршемби, / Аттанып үйдөн чыкпасам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Келбей Кошой калды эле, / Кошой эртең келет, деп, / Кужур–кужур болгондо, / Шоруктун кызы Накылай: / “Кечээ Көкөтөйдүн ашында, / Бата алып Каныкей, / Бала тууду Семетей, / Пайгамбардай зор Кошой, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кетпей жатты Кара дөө, / Ким экенин билем, деп, / Эртең жана келер, деп, / Анык пери окшонот, / Зоого кирип кетсе, деп, / Токойдо алып жанына, / Чаап жетти Карадөө, / Өпкөгө атын тепкилеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эртең жөнөйбүз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Эртең дагы алып келем, – деп убада кылды.Султаналы бактын сол жагындагы мөмөлөрдү терип туруп падышаныкын көздөй басты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →