эрте

китептерде 143 жолу, 10 китепте
  1. Эртең менен, күн чыга электе, азандан.
  2. Белгилүү бир убактан мурда, убактысы, маалы жете электе, маалынан мурун кеч калбай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Дүнүйөнүн бурчуна, / Кеңкула менен оң тартып, / Таласты карай жол тартып, / Эрте басып, кеч жатып, / Караңгынын чапанын, / Калдайтып чүмкөп жамынып, / Ат айабай келатып, / Ачамай айры бир жолдон, / Туйактын ойгон жеринен, / Көлчөк болуп суу толгон, / Ат изин көрдү Кененим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эрте туруп ордунан, / Ээн жерде сууга киринди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эртеден кечке чабышып, / Кечинде кайта жанышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өзүмө келген жакшылык, / Мага эле эмес Гүлүскө, / Жүргүлө, баатырлар, / Жетели эрте күмбөзгө! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эртең менен эрте, таң агарып атканда, тараза жылдыз батканда келин: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →