эрмеш
- Туткактап жабышып, чапташуу.
- Артынан калбай жүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Этегине эрмешип, / Эл-журтуна жалынып, / Эптеп ага жагынып, / Жан багып жатпай анда, — деп, / Сыртынан мактап Манасты, / Шооругун каргап жатышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мени менен курбалдаш, / Сыр жашырбай жүрчү эле, / Этегиңе эрмешип, / Кошулса Тапак биздерге, / Куткарбаска арыз айтып, / Тапан хан качат ал түндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Дагы үч жыл күйөйүн, / Этегиңе эрмешип, / Эрдиңен шимип жүрөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жакасынан жармашып, / Этегине эрмешип, / Эренди ээрчип артынан, / Анан көөнүм толорбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →