эрмек
- Эрикпей ойноп-күлөр, көңүл ачар тамаша, оюн.
- өт. Бала.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аз келгенсип анысы, / Бетирке менен экөөбүз, / Эрмектешип олтурсак, / Бизди неге кайтарды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эки күнү, бир түнү, / Эрмектешип үч күнү, / Чыгалы бүгүн ууга, деп, / Алты жүз киши оогандык, / Отуз киши Шоорук хан, / Баарына бирден милдетти, / Паланды таап келгин, деп, / Ой-тоону карай тараткан, / Эрмектешип чатырда, / Козголбой эки хан жаткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алакеңдин жанына, / Ашыгып Серек келгени, / Эмгичекти элдерге, / Айтылып калды эрмеги: / — Баш кишибиз Алмамбет, / Мен айтамын саа бир кеп, / Молдоңо айтып көрүңчү, / Катыңды окуп кара, деп, / Чакырып алып молдосун, / Катчы болгон жолдошун: / — Байматтын санын оку, — деп, / Болбосун жаздым кокус, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кара буура чат калды, / Бер жактагы элдерден, / Эми бир аз эрмек айталы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эриккен кишинин эрмегиндей кылып, төбөсүнөн укуй алып жаза-буза көзүн чукуп, ызалап жатып, аны бир кезде ыйлатып койду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →