эркин
- Бош, өз алдынча жүргөн, кайтарууда, кыстоодо эмес.
- Эрктүү, көз каранды эмес.
- Жат, машыккандай, так билгендей.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Курчунду койбой эркине, / Маңгыт Калдык бурады, / Кара сакал Жанайдын, / Өтпөй калды сурагы, / Арзандык менен ал Жанай, / Кол сунса мойун сунабы, / Кандуу майдан курулуп, / Беттешер болду убагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эркиңе койдум нечен күн, / Эрдик жолун талашкан, / Эрди сынап көрөм деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Болгунча айтып бай Жакып, / Бакдөөлөт менен Магдымы, / Унчукпай туруп алганы, / Үйүндө жүрүп чоңойуп, / Койнунда жатып жастыкта, / Өзү менен тең болуп, / Эркин өскөн Бакдөөлөт, / Оолуга кетти томсоруп: / — Койчу, Жакып, кебиңди, / Бул кебиңди ит уксун, / Ит укпаса ким уксун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ун баш, / Жойулуп түгөп жок кылды, / Бурма темир саптары, / Мүлжүнүп жүрүп аз калды, / Алаканы чой болуп, / Колунун аккан кандары, / Сагызган менен кузгунга, / Эркин берген той болуп, / Таш түгөнүп быркырап, / Карысы какшап зыркырап, / Көзүн ачса каранып, / Ээрдин тиштеп карарып, / Мурункудан жакшыраак, / Тоо чоңойду шаңдан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ушунун обонунда бир терең сыр бардай, кечке жакын сайды жаңыртып салган эркин обону менин жүрөгүмдү козгоп, касирет-кайгыдан бошотуп, алдакайда көтөрүп сергитип таштачу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →