эрк
- псих. Адамдын өзүн-өзү кармай билүү, көздөгөн максатын иш жүзүнө ашырууга умтулган сапаты, касиети.
- псих. Каалагандай, эркинче болуучулук, ойлогонундай иш кылуучулук.
- псих. Боштондук, азаттык, теңдик, эркиндик, тең укуктуулук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ар канча мыкты болсо да, / Жалгыз калды Бекбача, / Эркибизче талайбыз”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дабытайга эп келсе, / Коросон испан бириксе, / Алы келбес кыргыздын, / Эр Кененим, Саламат, / Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, / Булар барат калалбай, / Эркибизче уулайбыз, / Аз кыргызды жайма жай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Кеп айтканда деп айтат: / — Кабарчы болуп калдаңдап, / Күн-түнү жок чабамын, / Сиз сыйактуу хандардын, / Барына кабар саламын, / Көрүнгөн жерге жатып – кооп, / Эркимче жүрө бергенде, / Болжолдуу күндөн каламын, / Карап туруп өзүмө, / Бир балааны табамын, / Агарып таң кеч кирер, / Апта кетер, ай кетер, / Айтышкан күнү барбасам…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир күндөрү болгондо, / Көөнү эргип толгондо, / Орусхан кызы Гүлнарды / Ойуна алды ошондо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кандай кылсам эрким бар, / Бүгүн бийлик өзүмкү!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →