эриш
- Өрмөктүн, ар кандай кездеменин токулушунда узунунан кетчү жиби, негизи.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эрди-катын баш кошмок, / Эриш-аркак жипке окшош, / Ээрчитип эрмек кыларга, / Калган жок туйак кайыр-кош!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бир жастыкка баш кошкон, / Эриш-аркак өрмөкпүз, / Болбос бекен Айчүрөк, / Ушундай жүрсөң кээкерлеп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →