эрик2
- Кылар иш жок, бекер, бош жүрүүдөн, бош отуруудан тажоо, зеригүү.
- Сүйлөшөөр, сырдашаар адамдын жоктугунан зеригүү.
- Эринүү, жалкоолонуу, мойну жар бербөө, тажоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көпкүлөң тарткан боз балдар, / Эригип үйдө жаталбай, / Сазды бойлоп куш салып, / Өрдөк, чүрөк, каз алып, / Каркыра,турна, тоодакты, / Ителгиге тептирип, / Кекилик, чил, кыргоолду,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Саз чылпылдап суу чыгып, / Какырдар арык коо чыгып, / Эки күнү -эки түн, / Эрикпестен күрөштү, / Эгем өзү билбесе, / Эми кандай болушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…еп, / Артымды карап көрөм деп, / Дайынсыз кепти айтчу эмес, / Даанышман Алма төрөм, деп, / Телкызыл минип теминип, / Каргадай жалгыз жол жүрүп, / Калган Сыргак эригип, / Жердин бети ачыла, / Тунарыктар жазыла, / Тоо бөксөлөп күн тийип, / Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / Дүрбүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан ба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эртең абдан билем, деп, / Эрикпеген Кара дөө, / Кара бойу бир дөбө, / Баатырлыгы бөлөкчө, / Балбандыгы бир канча, / Атын байлап суутуп, / Ал да жатты аскада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Эриккен кишинин эрмегиндей кылып, төбөсүнөн укуй алып жаза-буза көзүн чукуп, ызалап жатып, аны бир кезде ыйлатып койду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →