эреже

китептерде 13 жолу, 6 китепте
  1. Жыгач уста тактайга так, тилке, белги түшүрүп алуучу жип.
  2. Белгилүү негизге таянган жобо, шарт, тартип.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…еменин жибиндей, / Поруму түз мунайым, / Булгаарынын ийиндей, / Теңтуштары келгенде, / Күлө сүйлөп каркылдап, / Кучакташып көрүшүп, / Жаш кезиндей шаңкылдап, / Эрежеден адашпай, / Биринен-бири кеп сурап, / Санжыра айтып кетишип, / Сыр түйүнүн чечишип, / Тамашалап бир-бирин, / Булкулдаша кетишип, / Ой кургур ай, сени, деп, / Жу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимден кеп келди, / Бул эреже ырас деп, / Тийбес болуп тажикке, / Баарысына эп келди, / Бадахшан, Балык, Дүйшөмбү, / Карап тажик кеткени, / Майданга чыгып бир киши, Жекелешип келбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…баатыр / Бура тартып бастырбай, / Боорун жарып, өт алып, / Бөөдө элге кас кылбай, / Аксакалдын, карысын, / Айдоого келген барысын, / Чогултуп келип жалпысын, / Эреже менен эр Бакай, / Эми кебин салыптыр, / Апыртып ийип калп айтпай: / — Айкөл Манас балбаным, / Аңтара сайып жоо алдың, / Эмки калган жумушту, / Өз ойум менен кы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эшикте турган жигиттер, / — Эрежебиз бойунча, / Тышкы кийимди чечкиле, / Эңкейип анан киргиле, / Мындай айтып ийди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Анда Бакай кеп айтат: / — Эрежеде экиге / Сурак жок, балдар, билгиле, / Жаш бала менен жиндиге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →