эрдик
- Баатырлык, эр жүрөктүүлүк, кайраттуулук, тайманбастык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Башаламан салышта, / Бактыбайдын көрсөткөн / Эрдигинен баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Болбосо өңү буржуйуп, / Толбосо көзгө жулжуйуп, / Куушурулуп далысы, / Караса нары кулжуйуп, / Эрдиги анын не керек, / Ошо күнү турармын, / Көзүмдүн жашын себээлеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Дабытайды көргөндө, / Жаандан ашкан Кененим, / Жагалданып турду эле, / Жанаша келип Дабытай, / Кебин айтты мамындай: / — Эрегишке эр керек, / Эр башкарган эл керек, / Элебей сага катыштым, / Кадырлап каңгай келди, деп, / Эми таанып мен жеттим, / Эрдигиңди белгилеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Энеси экен чапкан ат, / Атасы Молор турбайбы, / Эрдигине ишенип, / Келип тууган турбайбы, / Эби келсе Музой бай, / Мага бергин мындайды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эрдик аты болбосо, / Акылы анын кем экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →