эрги
- Ээлиге жүгүрүү, булкунуп секирүү, ээлигүү, катуу умтулуу.
- Толкундоо, көңүлү көтөрүлүү, кубануу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Хан атам акыл эргитип, / Саламатты жандырды, / Жөө жатып тамак жеп бербей, / Мен барайын бир жерге, / Желжетпести баккалы, / Деп Куйалы айтканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эл мактап эрди эргитет, / Эргитип көөнүн сергитет, / Элдин актап туз-нанын, / Эр жигит бойун тердетет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жыйырмаң көктү карагын, / Типтик учуп жылдыздап, / Асманга эргий бербесин, / Жыйырмаң жерди карагын, / Боору чөптү сыдырып, / Жер менен учуп кетпесин, / Алмамбет, Чубак жанаша, / Алмамбет анда кеп айтат: / — Курдашым Чубак бери кара, / Кудай урган куу өрдөк, / Айбандан чыккан чоң балаа.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…и бургутуп, / Жолборс Сыргак баратат, / Болушунча камчылап, / Алдындагы Телкызыл, / Борбуйдан тери тамчылап, / Аралык алыс көп күндүк, / Ээр белес кез болсо, / Эргитип ашып баратат, / Түзүк жерде чуу койсо, / Аркасында чаң калат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →