эптүү

китептерде 33 жолу, 8 китепте
  1. Ылайыктуу, ылайыгы келген, жөнү бар, туура келүүчү.
  2. Эпчил, ыкчыл, жөндөмдүү, айлакер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жагынган менен ар канча, / Жакшылык жок кыргыздан, / Деп Каракөз айтканда, / — Акылы бар эр эле, / Эптүү жандын бири эле, / Эл кыдырып кеп тыңшап, / Жүрөбү деп сени эле, / Же болбосо жымыйып, / Жатабы деп тим эле, / Чатырыңа Каракөз, / Келген жайым бул эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Медеркан келди элине, / Жээн жайлоонун жерине, / Карысы менен эстүүсүн, / Калк ичинде кептүүсү, / Ушаланган, сынганга, / Дары чапчуу эптүүсүн, / Жан кишиге ыктуусун, / Кепке жакын шыктуусун, / Кулакка кеби жагымдуу, / Кеп айтууга ыктуусун, / Кычырып келди баарысын, / Тарттырып арак-кымызын, / Жыктыры… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Деп Дабытай айтканда, / Кененим айтат мамындай: / — Ээ, Дабытай эрсиңби, / Эрегишкен нечен кул, / Эми айлаң кеткенби, / Эптүүлөнүп келдиңби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ташбака болот дүкдүйүп, / Кирпи болот сүксүйүп, / Суусуз чөлдө жашаган, / Тамчы суудан татпаган, / Жандар болуп кубулат, / Кескектеп эптүү бурулат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
— Иши кылып, жакшылар ошону эптүүлөгөн көрүнөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →