эпте

китептерде 79 жолу, 10 китепте
  1. Эбине келтирүү; эбин, ыгын таап, калыбына келтирүү, бириктирүү.
  2. Эбин, ыгын, айласын, амалын табуу; алдоо.
  3. Кыйнала-кыстала, антипминтип, эптештире, айласын таба, жөнүнө келтире, эптеп-септеп.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Отор таамай үч жылы, / Онтоодон башын көтөрбөй, / Эли келип чогулуп, / Эптеп иле кылышып, / Колу менен бутунун, / Сыныктарын таңышып, / Кулагына жаргактан, / Үйлөп туруп калдайтып, / Кулак кылып тагышып, / Тердебеген жай күнү, / Тура берет жабышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Алымсарык эр Бакай, / Эптеп бура тартыптыр, / Эс алалбай Тайбуурул, / Жыгылып-кооп атыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Өлүгүн таап талаадан, / Оодарып ташты ала албай, / Жүктөп келип мына деп, / Догуруп муну сала албай, / Күндө келет айылга, / “Кыргыздан малды тапсак — деп, / Талаадан өлүп жөн калбай”, — деп, / Айылды аңдып күтүптүр, / Келип-кетип түшкөнгө, / Кымызы эптеп түтүптүр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кол куушуруп кулдук деп, / Сейитиге барбайбыз, / Ээ болбоду Тапан хан, / Сейит бизди кырды, деп, / Куткарбаска барбайбыз, / Түгөнүп кала жаздадык, / Эми урушка барбайбыз, / Шоркөлдүн жерин сатпайбыз, / Башка жакка баспайбыз, / Тоо-токойду аралап, / Эптеп жанды сактайбыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
"Чиркей учуп кетти го" деп ойлоп турганда, ал аюунун кулагынын түбүнө эптеп коно калып, "тыз" эттире чагып алат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →