эпкин

китептерде 12 жолу, 7 китепте
  1. Бир нерсенин өтө тез кыймылынын илеби, таасири, күчү, күүсү.
  2. Тездик, ылдамдык, шамдагайлык, демдүүлүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Келе жаткан Отордон, / Чымдуу жерлер чытырап, / Суусу агып чылпылдап, / Какырга калса капташып, / Таштар учуп чыркырап, / Топурак учуп буркурап, / Эпкининен шамалдап, / Жел айдады зыркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чокмордон чоочун үн чыкты, / Кулак тунган сүр чыкты, / Эпкининен чокмордун, / Кара жерден чаң чыкты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эпкини кыштын чилдедей, / Ысыгы жайдын күнүндөй, / Айбаты жолборс сүрүндөй, / Бет маңдайдан караса, / Алп кара куш түрүндөй, / Семетейди көргөндө, / Гүлүстү таштап жиберип, / Күркүрөгөн Кутургур, / Жолборс Семей абаңдын, / Өзүнө тийди имерип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жетип келди майданга, / Көөрүктөн чыккан жалындай, / Эпкини катуу күжүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Мен жакын отурат элем, тигилердин эпкини келип тийгенде атып тура бердим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →