эп

китептерде 520 жолу, 10 китепте
  1. Туура келүүчүлүк, ылайыктуулук, негиздүүлүк, ылайыгы бар экендик.
  2. Ык, жөн, эптеле тургандай шартта болгондук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эби келген кези экен, / Эки ингендей жерди албай, / Эртеңден калбай аттанып, / Кокту кат барам бир тынбай, / Карыңды бактын каркыттап, / Энеңди баккын сүт актап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
андан көп, / Медерканды жемелеп, / Медеркан атын укканда, / Мелтиреген кара көк, / Мелтиреп карап турбады, / Эшикти карай бет алып, / Бөлүнө койуп эл качып, / Эпчи жак менен эр жакка, / Эл бөлүндү жол ачып, / Тору аттын жетти жанына, / Төрө жолборс түз басып, / Ыйлап калды торгой кыз, / Аркасынан көз сатып: / “Не болсо да… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кесилет бар, мен бармын, / Кандай болот Кененим, / Жалгыз жан сенин амалың, / Кутулар жериң калган жок, / Эбиңди өзүм табамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алмамбет айткан бул кептин, / Чынында кыйла эби бар, / Акыл менен байкасам, / Мунун ойлоно турган жери бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баш көтөрүп ошондо, / Хан Сейитек айтат кеп: / — Керменбайдын кеңеши, / Өтө сонун кеп экен, / Мен билүүчү кеп болсо, / Баарыңарга эп болсо, / Канчорого кеп болсо, / Каркылдап карап турганда, / Хан абам билсе эп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →