энчи
- Бирөөгө тиешелүү үлүш; менчигинде кала турган мал-мүлк, байлык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыйбай жаным турамын, / Ак калпак кыргыз элди деп, / Айкөлдөн калган энчиге, / Кеңкол, Талас жерди деп, / Туула электе Көкжалдын, / Түйшүгү журтка угулган, / Калмактын ханы Алооке, / Кыргызда катын бооз болсо, / Кычыртып келип кырдырган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Эл багыш мурас биздерге, / Эл кырмак керээз атадан, / Энчиге калган сиздерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Отко кирсе эр Манас, / Төркүлөп келип Каныкей, / Энчисине мал алды, / Кому-чому жонунда, / Санаты жүз нар алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атың баспай чаалыгып, / Өзүң кылыч чабалбай, / Калганда билек талыгып, / Тапан хан башын албайбы, / Сен айаган кыргызың, / Өз энчиме калбайбы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Энчиге беш жүз жылкы айдап, / Отуз төөгө жүк камдап, / Отунчу менен казанчы, / Санаты жыйырма экен, дейт, / Чоңтескей келип конду, дейт, / Бир бала келди кабарга, / Маа айтканы ушул кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →