эне

китептерде 594 жолу, 10 китепте
  1. Баланы төрөгөн жана тарбиялап өстүргөн апасы, аял (баласына карата).
  2. Төлдөгөн, тууган ургаачы жаныбар.
  3. Төрөгөн апасына, аялга жана өзүнөн улуу, улгайган аялдарга, кемпирлерге айтылуучу сөз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эби келген кези экен, / Эки ингендей жерди албай, / Эртеңден калбай аттанып, / Кокту кат барам бир тынбай, / Карыңды бактын каркыттап, / Энеңди баккын сүт актап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбил… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…рөтүп кетем, — деп, / Кесилет чочко айтканда, / Үнүн угуп Кененим: / Семетей бабам колдо, — деп, / Абам Гүлүс жолдо, — деп, / Карыйа Бакай кайда, — деп, / Умай энем Каныкей, / Көгүчкөн болуп кубулган, / Көйкапта кохар тууру бар, / Айчүрөк энем канаке, / Жаадыма түштүң силер, — деп, / Сыйынамын медер, — деп, / Анык кайып бо… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ыйлап жүрүп Торсолдой, / Чечекейи акканы, / Бала да болсо Каргалдай, / Абам менен энемди, / Алы эле келсе бакканы, / Гүлүстөн мында келгенде, / Үйүндө үч күн жатканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошентип, бала менен энеси жыргап-куунап, жакшы турмушта жашап калган экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →