эмчи
- Ооруну эскиче ырым-жырым, дуба ж.б. менен эмдөөчү, табып, дарыгер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көпчүлүктүн ичинен, / Илегерин табышты, / Элүү эмчи чогулуп, / Жарага дары чабышты, / Аш кайнамдын ичинде, / Алп Коңурбай төрөнүн, / Айкырыгын басышты, / Күн санын үчкө жеткирбей, / Айыктырып алышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыркыла элек кыл чачым, / Эл башкардым кыз башым, / Укмуштуу энем молдо эле, / Атам эмчи кожо эле, / Анычүн элге айтканым, / Кыйгачы жок оң эле, / Башчы болдум элимде, / Эл бийледим жеримде, / Каш кайтарган киши жок, / Баарысы кирди кебиме, / Бир тууган эркек менде жок, / Таңуу болоор белиме.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →