эмчек
- Сүт эмүүчү ургаачы жыныстагы жаныбарлардын, аялдардын сүт чогула турган жана аны балдарына эмизип тамактандыра турган бези.
- өт. Бир нерсенин урчуктуу келген кичинекей бөлүгү, урчугу (мис. аттын такасынын).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эмчеги эшек башындай, / Каржиликтин булчуңу, / Эки жашар баладай, / Далысы бар балакет, / Ордо атчу талаадай, / Эки бети жапжалпак, / Эт жасоочу чарадай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…болжоп он сайып, / Кайрылганда качырып, / Карчыганын балык эт, / Кандуу найза батырып, / Манастап ураан чакырып, / Бакалоорго сайууга, / Бойу жетпей шашылып, / Эмчектен ылдый карата, / Элүү найза уруптур, / Сандан каны салаалап, / Дөөнү канга жууруптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Астынкы ээрди шакылдап, / Кулактары шалкылдап, / Эркегинде айалча, / Көнөктөй эмчек балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каныкей айтат: - Канчоро, / Жерге түшкөн кезиңде, / Жерден алган мен элем, / Эмчегим эмген сен элең.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ — Деп, айтканда Канчоро, / Каныкей айтат ошондо: / «Айланайын, балам, — деп, / Айтайын сөзүм саган — деп, / Кан чыккан эмчек, сүт чыкпай, / Саа салганда, балам, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →