эмне

китептерде 476 жолу, 10 китепте
  1. Адамдан башка бардык жандуу, жансыз заттарга берилип, аларды аныктоо, себебин, жөн-жайын, абалын билүү үчүн колдонула турган суроо.
  2. Чакырган кишиге жооп иретинде кайрылуу үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жашырбай, баатыр, сырыңды айт, / Эмне болсо чыныңды айт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Арамдык кылып жүрөт – деп, / Айабай мыктап чагышты, / Эмне жооп чыгар, — деп, / Оозун тиктеп калышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канчорону келтирип, / Колу-бутун чечтирип, / Ичкиниң деп аш берип, / Бакай айтат бир кепти: / — Кызыталак, арам ит, / Атаң Чубак эр эле, / Эр уулу менен тең эле, / Атадан айлан, чунак ит, / Эмне болдуң сен эле?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Ээленип алган немелерди эмне кыласың? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Булар сени эмнеге алкап кетип баратышат, – дейт Адил хан. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →